Перейти на новый сайт
MegaComдон балдарга жаңы жылдык белектер

MegaComдон балдарга жаңы жылдык белектер

 

MegaCom мобилдик оператору майрамдык маанайга бөлөнгөн күндөрү камкордукка  алынган мекемелердин тарбиялануучуларына белектерди тапшырды. Ар бир мекеме керектүү болгон буюмдардын тизмегин жазган.

Сокулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана реабилитациялык балдар үйүнө жылуу бут кийимдер, сүлгүлөр, тазалык каражаттары, бөлмөлөрдү  оңдоо жана жасалгалоо үчүн жуунгучтар, диод лампалары, сырлар, килем жана пуфиктер жөнөтүлдү. Администрациясынын суранычы боюнча №12 жардамчы мектебине балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн видео байкоочу камералары орнотулду жана да ванна жана жуучу каражаттары белекке берилди. К. Акназаров атындагы орто мектебинин алдындагы үй-интернатынын тарбиялануучуларына  дары-дармек сактоочу муздаткычтар,проектор жана жаңы жылдык белектер берилсе, Жалал-Абад балдар стационардык мекемесинде тарбияланган балдарга  белектер тартууланды.

MegaCom компаниясы  «MegaCom балдарга » долбоорунун  алкагында жыл сайын камкордукка алынган балдар үйлөрүнө даректүү жардам көрсөтүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Пауза

    кызматы