Таласта кичи шаарлардын I Спартакиадасы өтөт.
MegaCom компаниясы муниципалдык кызматкерлердин арасында өткөрүлүүчү I Республикалык Спартакиадага расмий өнөктөш болмокчу. Финалдык мелдеш Талас шаарынын борбордук стадионунда август айынын 21инен 26сына чейин өткөрүлөт .
Кичи шаарларды кучагына алган спартакиада жергиликтүү башкаруу органдарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү максатын көздөп, кызматкерлерди спортко тартууну шарттаган иш-чараларды уюштурууга багытталган.
Спартакиаданын алкагында курама командаларды топтоо үчүн мелдештер өткөрүлүп, татыктуулар тандалды. Чечүүчү таймашка Кыргызстандын 24 шаарчасынан миңге чукул спортчу катышмакчы.Спорттук программага армрестлинг, волейбол, гиря спорту, жеңил атлетика, мини-футбол, үстөл тенниси, аркан тартышуу, стритбол жана тогуз коргоол сыяктуу спорттун кеңири тараган түрлөрү киргизилген.
MegaCom бардык аталмалар боюнча Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырат. Сөзүбүзгө аралжы, Талас шаарынын борбордук стадиону 2013-жылы компаниянын «MegaФутбол» социалдык долбоорунун алкагында оңдолуп-түзөлгөн.
MegaCom компаниясы спорт, сергек жашоо жана чемпиондор үчүн!