Перейти на новый сайт
MegaCom «Мейкин Азия» Эл аралык фестивалынын башкы демөөрчүсү

MegaCom «Мейкин Азия» Эл аралык фестивалынын башкы демөөрчүсү

MegaCom компаниясы Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматовдун ысымын алып жүргөн «Рух Ордо» маданий борборунда өткөрүлө турган «Мейкин Азия» Биринчи эл аралык фестивалына демөөрчүлүк кылат. Меймандостугу, кооз жаратылышы, музейлери менен көргөндүн көз жоосун алган көл кылаасынын бул ажайып бурчунда популярдуу ырлар жаңырмакчы. Алдын-ала болжолдонгондой, фестивалда Азиянын жана Европанын 20дай өлкөсүнөн өкүлдөр катыша тургандыгы белгилүү болду.

“Маданияттын өнүгүшүнө салым кошуу, таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү жана Кыргызстанды толеранттуу жана туруктуу өлкө катары дүйнө элине таанытуу жагынан фестивалдын жана MegaCom компаниясынын максаттары төп келишти. Ал эми, иш-чаранын кыргыз берметинин жээгинде өткөрүлүшү, меймандарыбыздын жергебиздин туризм багытындагы мүмкүнчүлүктөрүн баалоого өбөлгө түзөт ”- дейт өз сөзүндө, MegaCom компаниясынын башкы директору А.Базаркулов.

Уюштуруучулардын айтымында, “Мейкин Азия” фестивалы ар кайсы өлкөлөрдөн меймандарды жана көптөгөн музыка сүйүүчүлөрүн тартып, улуттар арасындагы ынтымакты чындоого жана бекемдөөгө багытталган иш-чара десек ашык болбос. Үстүбүздөгү жылдын унутулгус окуясы болгон фестивалда көрүүчүлөрдү жандуу шоу-программа күтөт.

MegaCom фестивалдын бардык катышуучуларына жеңиш каалайт!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Лимитирование»

  • Услуга

    Удаленное восстановление номера