Перейти на новый сайт
«Mega футбол» спорттук долбоору өрүкзарлуу Баткен жергесинде

«Mega футбол» спорттук долбоору өрүкзарлуу Баткен жергесинде

11- июлда, Баткен шаарында, Баткен мамлекеттик университетинин аймагында MegaCom компаниясынын колдоосу менен курулган мини-футболдук талаанын ачылышы болуп өттү. Уюлдук оператордун “Mega футбол” долбоорунун алкагында курулган чакан аянтча жаш жеткинчектерге спорт дүйнөсүн ачып берүүгө өбөлгө болуп, спортту тандоо менен алар сөзсүз ийгиликтерге жетишет деген ишеничте Баткендиктер.

MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Руслан Мамыровдун, мэр Жаныбек Жалаловдун, БатМУнун ректору Гиязиддин Матураимовдун, облустук администрация башчыларынын, КРдин футбол Федерациясынын өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү тургундардын катышуусу менен өткөрүлгөн салтанат MegaCom Кубогу үчүн өткөрүлгөн мелдеш менен коштолду. БатМУнун, облустук ММКнын жана уюлдук компаниянын аймактык бөлүмүнүн оюнчулары катышкан турнирде Баткен шаардык мэриясынын жана облустук администрациясынын жамааттарынан куралган топтор жеңүүчү деп табылып, Компания тарабынан даярдалган Кубоктор, сертификаттар, статуэткалар жана фирмалык азембелектер өз ээлерин тапты. IV турнирдин жыйынтыгында аймактык мамлекеттик администрациясынын өкүлү Алмаз Полотов- мыкты оюнчу, улуттук мобилдик оператордун кызматкери Жаныбек Ганыев- мыкты коргоочу, БатМУнун намысын коргогон Мунарбек Садыков- мыкты чабуулчу жана “Салам Баткен” радиостанциясынын кабарчысы Султан Артыков- мыкты дарбазачы наамдарына татыды.

Улуттук оператордун социалдык долбоорлорунун бири болгон «Mega футбол» жаңы футболдук аянтчаларды куруп берүү менен гана чектелбейт. Сөзүбүзгө аралжы, Талас шаарынын борбордук стадионунда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө жумуштарынын келерки айда аяктай тургандыгын эскерте кетүүгө болот.

MegaCom кикбоксинг, шахмат жана күрөш сыяктуу улуттук спорт федерацияларына демөөрчүлүк көмөк көрсөтүп, спортчуларыбыздын жаңы-жаңы бийиктиктерди багындыруусу үчүн күч-аракетин аябай келет. Акыркы жылдарда мекенибиздин спорт тармагындагы ишке ашырылып келе жаткан ири долбоорлордун улуттук уюлдук оператордун ишмердүүлүгү менен байланышта айтылып жүргөндүгү бекеринен эместир.

MegaCom – сергек жашоо, спорт жана келечектеги чемпиондор үчүн!
 

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы