Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы Кыргызстандагы алдыңкы уюлдук оператор деп таанылды

MegaCom компаниясы Кыргызстандагы алдыңкы уюлдук оператор деп таанылды

20-декабрь күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргызстандагы «Жыл тандоосу» эл аралык фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

«Кыргызстандагы жыл тандоосу» фестивалынын жыйынтыгы боюнча MegaCom компаниясы «2011-жылдын Кыргызстандагы №1-уюлдук оператору» номинациясынын жеңүүчүсү болуп таанылды. Жеңүүчүнү тандоо  кыргызстандыктар арасында өткөрүлгөн сурамжылоо жана эл аралык компаниялар жүргүзгөн маркетингдик изилдөөлөрдүн негизинде аныкталды.  

MegaCom компаниясы өзүнүн абоненттерин баалайт жана алардын каалоолорун эске алып, жаңы кызматтарды жана сунуштарды дайым ишке киргизет. MegaCom баардык заманбап стандарттарга ылайык иш жүргүзүү аракетин көрүүдө. 

Маалымат: «Жыл тандоосу» («Выбор года)» Эл аралык фестиваль-конкурсу 2001-жылдан баштап иштеп келет. Долбоордун негизги максаты: керектөөчүлөр тааныган адискөй профессионалдарды, товардын же кызматтын сапаттын ар бир номинация боюнча жылдын лидерин тандап-аныктоо үчүн комплекстүү баалоо. Бүгүнкү күнү «Жыл тандоосу» фестиваль-конкурсунун өкүлчүлүктөрү Украина, Казакстан жана Кыргызстанда ачылган. Ошондой эле мындай долбоор Молдовада ишин баштады.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)

  • Услуга

    Услуга «SIP телефония»

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»

  • Услуга

    «VIP Service»