Перейти на новый сайт
MegaCom Өзгөндө кардарларды тейлөө борборун ачты

MegaCom Өзгөндө кардарларды тейлөө борборун ачты

Кыргызстандын Ош областынын Өзгөн районунда болжол менен 230 миңге жакын адам жашайт. Бирок, олуттуу абоненттик базага карабастан, бул жерде буга чейин MegaCom компаниясынын тейлөө борбору болгон эмес, ушундан улам уюлдук оператор бул адилетсиздикти четтетүүнү чечкен.

2011-жылдын 23-июнунда, түшкү аптапка карабастан, Өзгөн шаарынын борбордук базарынындагы соода түйүнүндө көп сандаган адамдар чогулду. Тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышы тамаша оюндар, музыка жана бий топторунун катышуусу менен чакан, бирок көрүнүктүү майрамга айланды.

“Абонент кеп-кеңештерди ар түрдүү жол менен ала алат. Мисалы, MegaCom компаниясынын кардарларды колдоо кызматына чалуу же компаниянын интернет сайтына кирүү менен. Биздин көпчүлүк мекендештер алыстан туруп баарлашууга караганда, адамдык баарлашууну артык көрүшөт. Мындан тышкары, алыста туруп келишим түзүүгө же SIM-карта сатып алууга мүмкүн эмес. Эми MegaCom компаниясынын бардык кеңири кызматтары жана консультациялары Өзгөн районунун жашоочулары үчүн да жеткиликтүү. Бүгүн MegaCom аларга кол сунаарлык аралыкка жакында”, - деп билдирди MegaCom компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары Кылычбек Тентимишев.

Мааракенин маанисин Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Замирбек Сарыков да кыскача баяндады:

- “Биздин райондо калк жыш жайгашкан жана тейлөө борборунун ачылышы абоненттердин санын артуусуна алып келет, ошондой эле жергиликтүү бюджетке салыктык чегерүүлөргө да таасирин тийгизет”.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы