MEGA'да – Кыргызстандын алдыңкы телекоммуникациялык компанияларынын биринде иштөө, көптөгөн замандаштарыбыздын максаты. Алардын ар бири бул максатын ишке ашыра алат!
Бизге кантип жумушка орношууга болот? Бул үчүн төмөндөгүлөр талап кылынат:
Бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоонун ченөлчөмдөрү(критерийлери): кесипкөйлүк деңгээл (өз ишине дасыккандык), тажрыйбалуулук, көндүмдөр жана өлкөбүздүн мыкты компанияларынын биринде иштөөнү максат кылуу.
Резюмени тариздөө эрежелери менен таанышыңыз
Талапкерлерди тандоо үч этап менен жүргүзүлөт:
1 этап – резюме, коштомо жана сунуштама каттар менен таанышып чыгуу. Аларды персоналды тандоо боюнча менеджер жана штатындагы бош кызмат оруну тууралуу жарыя берген бөлүмдүн жетекчиси карап чыгат.
2 этап – тандалып алынган талапкерлер тестирлөөгө жана бош кызмат оруну тууралуу жарыя берген бөлүмдүн жетекчиси жана персонал тандоо боюнча менеджер менен аңгемелешүүгө чакырылат.
3 этап – соңку аңгемелешүү жана талапкерге кабыл алынган чечим тууралуу билдирүү. Жыйынтык чечим талапкерге аңгемелешүү жүргүзүлгөндөн кийин эки жума ичинде маалымдалат.
Ийгилик каалайбыз!