«АТКнын статусун текшерүү» кызматы
«АТКнын статусун текшерүү» кызматы абонентке АТК (алдын ала төлөө картасы) активдештирүүнүн алдында ошол картанын абалын текшерүүгө жардам берет.
Кызматтан жеке алдын ала төлөнүүчү тарифтик пландарынын абонеттери пайдалана алышат.
Картанын статусун текшерүү үчүн абонент төмөнкү буйрукту териши керек:
*55#сериялык номер (12 сан)#чакыруу
же 55 номерине сериялык номери жазылган SMS жөнөтүү.
Эскертүү:
АКТны текшерүүдө абонентке бул картаны активдештирүү мүмкүн эместиги тууралуу жооп келсе, андай картаны сатып алуудан баш тартып *500 номерине телефон чалып анын себептерин тактоо керек.
Ошондой эле картаны сатып алуудан мурун pin-кодду ачпастан жана картанын сыртын айрыбастан анын статусун дароо текшерүү зарыл.