Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы – 2008-жылдын жыйынтыктары боюнча эң мыкты салык төлөөчү

 


MegaCom компаниясы – 2008-жылдын жыйынтыктары боюнча эң мыкты салык төлөөчү


Салыктарды чогултуу боюнча мамлекеттик комитети MegaCom Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүнө зор салым кошуп салык мыйзамдарын чын дилинен аткаргандыгы үчүн эң мыкты салык төлөөчү сертификатын тапшырды.

MegaCom компаниясы өлкөбүздүн экономикасына чоң салымын кошууда, ошондуктан 2008-жылдын жыйынтыктары боюнча республикабыздын эң мыкты салык төлөөчүлөрүнө сыйлык тапшырууда КРнын Мамлекеттик комитети тарабынан жогору бааланды. Уюлдук оператору тарабынан мамлекеттик бюжетке төлөгөн салыктары жыл сайын өсүүдө. Мисалы, 2007-жылы анын суммасы 86386411 сомду түзсө, 2008-жылга карата бул сан 7 эсе өсүп 652 656 877 сомго жетти.

Кыргызстандын эң мыкты салык төлөөчүлөрүн сыйлоо жыл сайын үч номинация боюнча жүргүзүлөт: тейлөө, айыл чарба жана өндүрүү чөйрөсү. Лидерлер төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча белгиленет: салыктардын бюджетине түшкөн киреше бөлүгү боюнча салук төлөөчүлөрдүн төккөн акчасы жана башка төлөмдөр; өткөн жыл жана 5 айдын ичинде сатылган продукциянын өлчөмү; негизги төлөмдөр, пайыздар, пеня жана салык санкциялары боюнча карыздын жоктугу; которулган салыктардын толук жана өз учурунда төлөнүшү. Ошондой эле кирешеден түшкөн жашырылган салыктардын болбошу.

ГКНС төрагасы А. Келдибеков MegaCom компаниясынын директорунун биринчи орун басары А. Темирбаевге сыйлык тапшырып жатат.


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы