Перейти на новый сайт
MegaCom: өз номуруңузду каттоодон өткөрүүнү кийинкиге калтырбаңыз!

MegaCom: өз номуруңузду каттоодон өткөрүүнү кийинкиге калтырбаңыз!

MegaCom каалаган Сатуу жана тейлөө борборлорунан өз SIM–карталарыңызды жакын арада каттоодон өткөрүүңүздү сунуштайт. Жаныңызга инсандыгыңызды ырастоочу документиңиздин бирин: паспортту, айдоочунун күбөлүгүн, аскердик билетти же бааргер күбөлүгүн алып алуу жетиштүү. КР Өкмөтүнүн “Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү Эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна жана байланыш операторунун лицензиялык милдеттенмесине ылайык, 2015- жылдын 8 -августуна чейин катталбаган номурлар өчүрүлөт.

Персонификациянын артыкчылыктарына баа бериңиз:

  • Мобилдик алдамчылыктан коргонуу
  • Чалуулардын деталдоосун алуу
  • SIM-картаны жоготууда номурду сактап калыш үчүн аны бөгөттөө
  • Номурду тез арада калыбына келтирүү
  • “Экинчи дем” кызматы боюнча насыянын максималдуу суммасынын берилиши (аталган кызматтын шарттарына ылайык)
  • MegaComдун кардарларды колдоо кызматына чалуу аркылуу SIM-картаны убактылуу бөгөттөө
  • Абоненттин түйүндө тейленген жылдарын, бонустарды, кошулган кызматтарды жана опцияларды сактап калуу мүмкүнчүлүгү
  • Кийин төлөнүүчү роумингди кошуу
  • Тейлөө мөөнөтүнөн көз карандысыз “Мобилдик которуу” кызматынан пайдалануу
  • Жеңилдетилген тастыктоо жараяны: жашырын сөздү жана аты-жөнүн айтуу гана жетиштүү болот.

Эстен чыгарбоо зарыл – номурларды каттоо толугу менен акысыз. Номурду каттоо үчүн төлөм талап кылуу- укук бузуу жана алдамчылык катары саналат.

Сак болуңуз! SIM-картаңызды жер-жерлерде каттоого даяр болгон MegaCom компаниясынын промоутердик түйүндөрүнүн картасы мобилдик оператордун сайтында жайгаштырылган.
 

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы