Перейти на новый сайт

MegaCom «Чексиз Интернети» : ылдамдык көз ачып жумгуча

MegaCom «Чексиз Интернети» : ылдамдык көз ачып жумгуча

MegaCom мобилдик интернетинин пайдалануучулары үчүн ыңгайлуу сунуштардын саны арбын. Алардын мүдөөлөрүн эске алуу менен, оператор түйүндө максималдуу ылдамдыкты камсыздап жана интернет-трафиктин көлөмүн жогорулатып келет.

Бүгүнкү күндөн, 22- июндан тарта, MegaCom абоненттери «Чексиз Интернетти» кошуп жана максималдуу ылдамдыкта берилүүчү күнүмдүк 100 МБ көлөмдөн 65 пайызга көп болгон интернет-трафикке ээ болушат. Мындан тышкары, интернет-туташуунун ылдамдыгы эки эсеге жогорулайт, мындай ылдамдык аракеттеги суткадагы 64 Кбит/секундадан 128 Кбит/секундага чейин болгон трафик- чегине жеткенден кийин берилет. Абоненттик төлөм ССти жана КНСти эсепке алуу менен күнүнө 20 сомду түзөт. «Чексиз Интернет» интернет опциясын *191*1# (15 сом) буйруусу аркылуу кошууга болот. Толугураак маалымат www.megacom.kg. сайтында.

Эске сала кетсек, «Чексиз Интернет 200» кызматы жакшыртылып, анын алкагында мүмкүн болгон эң жогорку ылдамдыкта берилүүчү трафиктин көлөмү 2 эсеге - 200 мегабайтка чейин, ылдамдык белгиленген чектен 3 эсеге- 192 Кбит/секундага чейин жогорулаган эле.

MegaCom - ишенимдүү, ыкчам интернет дайыма сиз менен!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы