Перейти на новый сайт
MegaCom: “Билим алуу ийне менен кудук казгандай” же мектептер үчүн жаңычыл долбоорлор

MegaCom: “Билим алуу ийне менен кудук казгандай” же мектептер үчүн жаңычыл долбоорлор

Коомчулукка маалым болгондой, 2014-жылы мобилдик оператор тарабынан "Маалымат -коммуникациялык технологияларын жана инновацияларды Кыргызстандын билим берүү тармагына жайылтуу" форуму өткөрүлгөн эле аралжы, бүгүнкү күндө мекенибиздин билим берүү тармагын көз жаздымда калтырбай келе жаткан MegaCom компаниясы «Манас» Кыргыз Түрк Унивеситетинин илимий кызматкерлери Кадыр Момуналиевдин жана Касым Барыктабасовдун «Электрондук көп тармактуу илимий энциклопедиясын» жана «Билим-Сапат-Монитор» программасын жайылтууга көмөк көрсөттү.

Көп тармактуу илимий энциклопедия кыргыз тилиндеги 15 000 терминди, 14 дисциплина боюнча макалаларды өз ичине камтыйт. Видео жана аудиофайлдар, сүрөттөр бул баалуу эмгектин маанисин арттырып турат. Энциклопедиялык маалымат материалдарын электрондук түрдө жайылтуунун заманбап жолу жаңы мүмкүнчүлүктөргө гана чыйыр салбастан, экономикалык өңүттөн алганда да абдан ыңгайлуу.

«Билим-Сапат-Монитор» программасы жалпы билим берүүчү мекемелеринин окуу бөлүмүнүн башчыларына сунушталган электрондук вариант окуу процессин натыйжалуу уюштурууга жардам бермекчи. Класстар, сабактар, билим сапаты, жетишкендиктер боюнча көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө тактоо ыңгайлуу интерфейс аркылуу ишке ашат, б.а. программадан персоналдык компьютерди жаңы колдоно баштагандар деле пайдалана алышат.

Программалык долбоорлор "Linux" операциялык тутумуна ылайыкталып иштелип чыккан. MegaCom компаниясынын каржылоосу менен даярдалган CD орнотмо дисктери «Mega Билим» долбоорунун алкагында уюлдук оператор тарабынан колдоого алынган мектептерге алгачкылардан болуп таратылып, мектептердеги окуу процессин оптимизациялоого багытталган.

«Mega Билим» долбоору тууралуу : Уюлдук оператор билим долбоорунун алкагында элет жериндеги 143 орто мектепке компьютердик класстарды ачып берген. Бул Кыргызстандагы жалпы мектептердин 7 пайызын түзөт. "Linux" операциялык тутуму менен жабдылган ак түстөгү 7 компьютерден, атайын эмеректен, 1 USB-модемден, "Ыкчам интернет" тарифтик планы менен Sim-картадан турган комплектилер менен жабдылды. "Мега Билим" долбооруна катышкан мектептердин информатика мугалимдери үчүн уюлдук оператор тарабынан 3 күндүк атайын сабактар уюштурулуп, мугалимдердин билим сапатын жогорулатууга мүмкүндүк түзүлгөн. КРдин Билим жана Илим Берүү Министрлигинин алдындагы Билим Берүү Академиясынын колдоосу менен 7-9-класстар үчүн иштелип чыккан “Информатика жана маалымат коммуникациялык технологиялары” усулдук окуу куралы эки тилде басылып, долбоорго катышкан мектептердин мугалимдерине тартууланган.

MegaCom – билим берүүдөгү жаңычылдык үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы