Перейти на новый сайт
MegaCom: 3 миллионунчу абонент катталды

MegaCom: 3 миллионунчу абонент катталды

2015-жылы MegaComдун 3 миллионунчу абоненти тармакка кошулду. 2014-жылы мобилдик оператордун абоненттик базасы үч пайызга жогорулаган болсо, азыркы учурда абоненттердин саны арбып келет.

«Мындай көрсөткүч MegaComдун Кыргызстандын телекоммуникация тармагындагы өзгөчө ордун аныктап, сапаттуу кызматты тандаган абоненттердин ишенимин айгинелейт», - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов массалык -маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн пресс-конференцияда.

Абоненттик базанын өнүгүү тенденциясы инфраструктуранын тынымсыз өнүгүүсү, жаңы базалык станциялардын курулушу, байланыш сапатын модернизациялоо, тейлөө борборлорунун жана фирмалык салондордун санынын көбөйүшү, компаниянын тариф саясатындагы алгылыктуу сунуштар менен тыгыз байланыштуу . MegaCom 3,75G түйүнү менен мекенибиздин 3 миллионго чамалуу калк жашаган аймагын, ал эми мобилдик байланыш менен өлкөбүздүн калктуу аймагынын 98 пайызын камтуу менен бүгүнкү күндөгү эң жогорку көрсөткүчкө жетише алды.

Корпоративдик кардарларга кызматтардын жаңы түрлөрүн байма-бай сунуштоо корпоративдик сегменттин абоненттик базасынын 2011-жылдан тарта 60 пайызга өсүшүн шарттады. Өзүнө артылган ишенимге татыктуу баа берген мобилдик байланыш оператору жигердүү иш-аракеттеринин аркасында жемиштүү натыйжаларга жетишип келет.

MegaCom – сенин мобилдик операторуң!

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon