Перейти на новый сайт
MegaCom «Балдар үчүн Интернет» жаңы кызматын сунуштайт

MegaCom «Балдар үчүн Интернет» жаңы кызматын сунуштайт

MegaCom компаниясы тарабынан абоненттерге сунушталып жаткан «Балдар үчүн Интернет» кызматын ишке киргизүүгө байланыштуу, тесттик мезгилде аталган кызматтан абоненттик төлөмсүз пайдаланууга болот. Жаңы кызмат балдар үчүн ыңгайлуу баарлашуу мүмкүнчүлүгүн тартуулап, Интернеттеги жаш курагына ылайык келбеген маалымат булактарына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жана алардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө мобилдик Интернеттин колдонуучуларынын басымдуу бөлүгүн жаш балдар түзөт. Оюндар, социалдык тармактар,чаттар- баарлашуунун эң көп колдонгон ыкмалары. Шектүү мазмундагы көптөгөн сайттардын бар экендиги жашыруун сыр болбосо керек, алар өз кезегинде жаш балдарга өзүнүн терс таасирин тийгизбей койбой тургандыгы анык.
Кызмат чылым чегүүгө, алкоголдук ичимдиктерге, зордук-зомбулукка, кылмыштуулукка, алдамчылыкка, баңги заттарына, кумар оюндарына байланыштуу болгон сайттарга бөгөт коет, ал эми билим берүү, спорт, компьютерлер жана технологиялар, искусство, эс алуу жана ден соолукка байланышкан сайттар балдар-абоненттер үчүн жеткиликтүу болот.

«MegaCom’дон тест-драйв» акциясынын алкагында тесттик мезгил ичинде абоненттер кызматтан абоненттик төлөмсүз акысыз пайдалана алышат. Ал эми 10 сом өлчөмүндөгү кошулуу төлөмү бир гана жолу, көзөмөлгө алуу үчүн ата-эненин профилине баланын номурун кошууга уруксат берүү маалында алынат. Бул учурда, баланын номурунан кызматтан пайдалануу үчүн каражат алынбастан, пайдаланылган интернет-трафик үчүн гана каражат алынат.
Биз үчүн сиздин пикириңиз маанилүү!

Сиздин кызматтан пайдалануу тажрыйбаңыз же кызматты жакшыртуу боюнча сунушуңуз менен бөлүшүү үчүн detskiyinternet@megacom.kg дареги боюнча кызматты иштеп чыккан адистерге кайрылсаңыз болот.

Эгерде тест-драйв мезгилинде кызмат Сиз үчүн ыңгайлуу болгон болсо, 10.02.2015-жылдан тарта кызматты өчүрбөй койсоңуз болот. Көрсөтүлгөн убакыттан тарта кызмат автоматтык түрдө стандарттык төлөм шарттарына ылайык көрсөтүлө баштайт( ушул убакыттан тарта төлөм алынат).Толук маалыматты компаниянын сайтынан алууга болот.

Атайын сунуш менен пайдаланууга шашылыңыз – кызматка кошулуунун саны чектелген. Кызматтын тесттик мезгили 10.02.2015-ж. чейин аракетте болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы