Перейти на новый сайт
MegaCom филиалдык түйүнүнүн жана 3G каптоонун интерактивдүү картасын ишке киргизди

MegaCom филиалдык түйүнүнүн жана 3G каптоонун интерактивдүү картасын ишке киргизди

Жаңы тейлөө кызматы аркылуу MegaComдун филиалдык түйүнү жана каптоо аймагы боюнча онлайн режимде актуалдуу маалыматка ээ болосуз. Компаниянын расмий сайтындагы интерактивдүү тейлөө кызматы базалык станциялардын сигналдарынын деңгээлин көрсөтүп, 2G жана 3G каптоо аймагы, MegaCom компаниясынын бардык Фирмалык салондору жана Сатуу борборлорунун даректери тууралуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде ыкчам маалымат алууну шарттайт. Аталган тейлөө кызматынан колдонуу жана USSD-сурамдар акысыз.

 

Кызмат MegaCom абонентине байланыш кызматтарынын толук топтомунан пайдаланууга жана кесипкөй кеңеш алууга шарт түзүп, жакын жерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборун табууга жана тандоого мүмкүнчүлүк берет. Интерактивдүү картадан пайдалануу үчүн *500 кыска номуру боюнча компаниянын Кардарларды колдоо кызматына кайрылуу же компаниянын расмий сайтындагы «Каптоо аймагынын интерактивдүү картасы» бөлүмүнө өтүү жетиштүү. Абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн «Каптоо аймагынын жана филиалдык түйүнүнүн интерактивдүү картасы» бөлүмүндө атайын издөө системасы иштелип чыккан.

Эгерде абонентте өзүнүн жүргөн жерин аныктоодо тоскоолдуктар пайда болсо, компаниянын адиси абонентке оператор менен байланышта болуу менен *987# USSD-буйруусун терүүнү сунуштайт.

MegaCom – дайыма кабардар болуңуз!


 

Сунушталган кызматтар

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы