Перейти на новый сайт

MegaCom OnlineTV интернет-топтомдорунун баасын эки эсеге төмөндөттү

MegaCom OnlineTV интернет-топтомдорунун баасын эки эсеге төмөндөттү

MegaCom компаниясы «MegaComꞌдон OnlineTV» 2 сааттык топтомдорунун наркы 2 эсеге төмөндөгөндүгүн билдирет. Эми абоненттер болгону 20 сом менен өзүлөрүнүн сүйүктүү телеберүүлөрүн мобилдик телефонунунан көрө алышат!

Сизге жаккан телеберүүнү өткөрүп жибербестен көрүүнү же көптөн күткөн спорттук таймашка түз эфирден күбө болууну кааласаңыз «MegaComꞌ дон OnlineTV» дайыма сиздин кызматыңызда.

«MegaComꞌ дон OnlineTV» кызматына кошулуу менен абоненттер атайын акцияга катышып, «OnlineTV» жана «MEGOGO кинозалы» кызматтарынан эки эсе арзан болгон төлөм менен пайдалана алышат. «MEGOGO кинозалы» аркылуу www.megogo.net видео-сервисинде колдонуучулар миңдеген фильмдерди жана мультфильмдерди интернет-трафик үчүн төлөмсүз, онлайнда көрө алышат.

MegaComдун ыңгайлуу интернет-топтомдору менен трафиктин сарпталышын көзөмөлдөбөстөн, сүйүктүү каналдарыңыз аркылуу тасмалардын, телеберүүлөрдүн дүйнөсүнө саякаттаңыз! Ушул жана башка кызматтар тууралуу толук маалымат менен www.megacom.kg сайтынан таанышсаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • VoLTE

    кызматы

  • Планер

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы