Перейти на новый сайт
MegaCom «Алдын ала төлөнүүчү роуминги» эми Азербайжанда жана Украинада

MegaCom «Алдын ала төлөнүүчү роуминги» эми Азербайжанда жана Украинада

MegaCom «Алдын ала төлөнүүчү роуминги» жеткиликтүү болгон өнөктөштөрүбүздүн тизмеси толукталды. Баса белгилей кетсек, эми Азербайжанга жана Украинага сапар тарткан абоненттерибиз аталган өлкөлөрдүн Bakcell LLC жана МТС операторлорунун тармагында аралыктан көз карандысыз жакындары менен дайыма байланышта боло алышат.

Бул кызматтын ыңгайлуулугу эмнеде? Бул суроонун жообу эң оңой. Балансында 200 сомдон ашык каражаты болгон абонент сапарга чыгаардан мурда эле *155*1# чакыруу буйруусунун жардамы менен кызматты өз алдынча кошуп жана *155*0# чакыруу буйруусун терүү аркылуу кызматты өчүрө алат.

«Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматында роумингдеги чалууларды онлайн тарифтөө каралган. Демек, абонент өз балансынын абалын дайыма көзөмөлдөп жана балансын өз убагында толуктап тура алат. «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» дүйнө жүзүнүн ири өлкөлөрүндө кулач жайып, MegaCom абоненттери үчүн ыңгайлуу болгон кызматтардын катарын толуктап келет.

«Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тизмеси жана тарифтер тууралуу маалымат расмий сайттын «Роуминг» бөлүмүндө жайгаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы