MegaCom Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады
MegaCom компаниясы 10жылдан бери ардагерлерибиз үчүн майрам уюштуруп, алардын тарых барактарында калган өлбөс-өчпөс эрдиктерин эске салып келет. Жеңиш күнүн утурлай өткөрүлгөн иш-чара «Жакындарга чалуу» акциясы менен коштолуп, саамайларын ак бубак баскан карыяларыбызга бактылуу көз ирмемдер тартууланды.